>

Шамсуддин Хакимов — 521

51:7 Кооз-көркөм асманга ант!

51:8 (Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).

51:9 Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.

51:10 Жалганчыларга өлүм!

51:11 Алар наадандык толкундарында адашкандар!

51:12 (Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.

51:13 Ал Күнү тозокто азап тартышат!

51:14 (Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).

51:15 (Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,

51:16 Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.

51:17 Алар түндөсү бир аз эле укташкан.

51:18 Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1]

51:19 Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон.

51:20 Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

51:21 Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?

51:22 Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар.

51:23 Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!

51:24 (Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?

51:25 Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.

51:26 Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.

51:27 Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.

51:28 Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.

51:29 Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».

51:30 «Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).