>

Шамсуддин Хакимов — 99

4:128 Эгер бир аял күйөөсүнүн көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эр-аял экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллахтан корксоңор, Аллах бардык ишиңерден кабардар.

4:129 (О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилдик кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба болсоңор, Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

4:130 Эгер (жубайлар) ажырашып кетчү болсо, Аллах алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Аллах артыкчылыгы Кең, Даанышман Зат.[1]

4:131 Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. (Оо, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллахтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү! Аллах Беймуктаж жана Макталган!

4:132 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. (Бардыгы Аллахка таянат) жана Аллах жетиштүү Сактоочу.[1]

4:133 О, адамдар! Эгер кааласа (Аллах) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллах буга Кудуреттүү.[1]

4:134 Ким дүйнө сообун кааласа,.. Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллахтын алдында. Аллах Угуучу, Көрүүчү.