>

Шамсуддин Хакимов — 97

4:114 Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садагага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллахтын ыраазылыгын каалап жасаса, ал адамга жакында чоң сооп беребиз.

4:115 Кимде-ким, өзүнө туура жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай!

4:116 Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр!

4:117 Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылат[1] жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат.

4:118 Аллах ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын" деп айткан.

4:119 Ошондой эле аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесет[1] жана менин гана буйругум менен Аллахтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллахты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр!

4:120 (Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт.

4:121 Ошолордун (шайтанга ээрчигендердин) жайы тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат.