Шамсуддин Хакимов — 96
4:106 (Эгер сен ката кетирсең) Аллахтан кечирим сура. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:107 Сен өздөрүнө кыянат (залым) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллах күнөө-кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт.
4:108 (Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө-кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллахтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллахка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллах (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллах алардын бардык иштерин Ороп алуучу.
4:109 О, силер (кыянатчыларды колдогондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллах менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат?![1]
4:110 Ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө залым кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, Аллахты Кечиримдүү, Мээримдүү табат.
4:111 Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллах - Билүүчү, Даанышман.
4:112 Кимде ким бир чоң күнөө же башка кылмыш ишин жасап, кийин аны бейкүнөө адамга төңкөсө, ал өз мойнуна доомат жана чоң күнөөнү илип алыптыр.
4:113 (О, Мухаммад!) эгер сага Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпасы сени адаштырууга жан үрөп калган эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллах сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китепти - Куранды жана Сүннөттү түшүрүп, билбегендериңди билгизди. Аллахтын сага (берген) артыкчылыгы улуу.