Шамсуддин Хакимов — 95
4:102 (О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахабалардын) арасында (имам болуп) намаз окусаң, сени менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окусун. Бирок, этияттап жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарагыңардан капарсыз калсаңар, каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети тийсе же ооруп калсаңар, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллах каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон.
4:103 Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллахты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болсоңор намазды толук окугула. Албетте, намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду.[1]
4:104 (Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллахтан, алар үмүт кылбаган нерсени (бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллах Билүүчү, Даанышман.
4:105 (О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Куранды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллах көргөзгөн жол менен өкүм кылууң үчүн түшүрдүк. Жана сен эми кыянатчыга тарапкер болбогун!