>

Шамсуддин Хакимов — 83

4:27 Аллах силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообоңорду кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (ак жолдон) адашып кетишиңерди каалайт.

4:28 Аллах силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган.

4:29 О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге Мээримдүү.

4:30 Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка жеңил.

4:31 Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга-бейишке киргизебиз.[1]

4:32 Аллах бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллахтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллах бардык нерселерди Билүүчү.

4:33 Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле. Албетте, Аллах бардыгына Күбө.