Шамсуддин Хакимов — 8
2:49 (О, Исраил урпактары!) Эстегиле: силерди Фараондун адамдарынан Биз куткардык. Ал силерди катуу азапка салып иштетип, балдарыңарды союп[1], аялдарыңарды тирүү калтырган. Мында Раббиңер тарабынан чоң жакшылык бар эле.
2:50 Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фараондун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар.
2:51 Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер (билип туруп) өзүңөргө зулум кылган абалда музоону кудай кылып алдыңар.
2:52 Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп кечирдик.
2:53 Ошондо, туура жолго түшөөрсүңөр деп Биз Мусага китепти жана Фурканды (жакшылык менен жамандыктын арасын ажыратууну) бердик.
2:54 Ошол кезде Муса коомуна айтты: «О, коомум! Силер музоону кудай кылып алууңар менен өзүңөргө зулум кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тобо кылгыла, өзүңөрдү (ыймандуулар каапырларды) өлтүргүлө! Жаратуучуңардын эсебинде ушул силер үчүн жакшыраак. Аллах тобоңорду кабыл кылды! Ал - тоболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү!
2:55 Бир кезде силер айттыңар: «О, Муса, биз Аллахты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз». Андан кийин силерди (бири-бириңерге) карап турган абалыңарда чагылган урду.
2:56 Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп өлгөнүңөрдөн соң кайра тирилттик.
2:57 (Силер чөлдө адашып жүргөндө) Биз үстүңөргө булутту көлөкө кылып, (асмандан) «манн» жана «салва» деген тамактарды түшүрдүк: Жегиле, Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан! Алар Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө зулум кылышты.