>

Шамсуддин Хакимов — 73

3:174 Анан, Аллахтын нээматы, пазилети себептүү, аларга эч бир жамандык жетпей кайтып келишти жана Аллахтын ыразычылыгына ээрчишти. Аллах - улук пазилет ээси.

3:175 Албетте, ошол (силерге жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал (силерди) өзүнүн досторунан (мушриктерден) коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер ыймандуу болсоңор, Менден гана корккула!

3:176 (О, Мухаммад!) каапырчылыкка шашып бараткандар сени капа кылбасын. Алар (муну менен) Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аллах Акыретте аларга эч насип болтурбоону каалайт. Аларга улук азап бар.

3:177 Албетте, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алган адамдар Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аларга жан ооруткан азап бар!

3:178 Каапыр адамдар, биз алардын (жашоо) мөөнөттөрүн узартып койгонубузду өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун! Биз (болгону) өздөрүнүн күнөөлөрүн көбөйтүш үчүн гана аларга мөөнөт бердик. Аларга кордук азабы бар!

3:179 Аллах ыйман келтиргендерди ушул (кимдин ким экени белгисиз) абалыңарда таштап койбойт. Ыпыластан тазаны ажыратат. Жана Аллах силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллах өз пайгамбарларынан каалагандарын тандап алат (жана аларга кээ бир учурларда кайыпты билдирип турат). Эми, Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, силерге улуу сооп-сыйлыктар бар.

3:180 Аллах Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.[1] Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. Аллах силердин ишиңерден кабардар.