Шамсуддин Хакимов — 72
3:166 Эки жамаат тирешкенде силерге жеткен сыноолор араңардагы ыймандууларды билиш үчүн Аллахтын гана уруксаты менен болду.
3:167 Жана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллахтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллах алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.
3:168 (О, Мухаммад!) өздөрүнүн (согушка катышкан) бурадарлары жөнүндө: “Эгер биздин тилибизге киргенде (согушка чыкпаганда) өлтүрүлбөйт эле” деп (үйүндө) олтургандарга айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, өзүңөрдөн өлүмдү кайтаргылачы?!”
3:169 Аллахтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү.
3:170 Аллах өз пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет.[1]
3:171 Алар (шейиттердин рухтары) Аллахтын нээматы, пазилети жөнүндө (бири-бирине) сүйүнчүлөшөт. Чынында, Аллах ыймандуулардын сообун текке кетирбейт.
3:172 Аларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллах менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар.[1]
3:173 Ошолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллах жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти.