Шамсуддин Хакимов — 71
3:158 Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллахтын алдына чогултуласыңар.
3:159 (Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек.[1] Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт.
3:160 Эгер Аллах жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллахтан кийин силерге ким жардам берет?! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
3:161 Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу[1] мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат.
3:162 Аллахтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллахтын каарына жолугуп, барар жери тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет!
3:163 (Жок тең эмес) Алар Аллахтын алдында ар кандай даражаларда болушат. Аллах алардын эмне жасаганын Көрүүчү.
3:164 Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Куран) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллах ыймандууларга (теңдешсиз) жакшылык кылган.
3:165 Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде – аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да – “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул – өзүңөрдөн”. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.[1]