Шамсуддин Хакимов — 7
2:38 «Баарыңар бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан туура жол келгенде, ким Менин туура жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы-капага батышпайт».
2:39 Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деген каапырлар тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!”
2:40 Оо, Исраил урпактары![1] Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен дагы силерге берген убадамды аткарамын. Менден гана корккула.
2:41 Мен түшүргөн Куранга ыйман келтиргиле. (Ал) силердеги нерсени (Тооратты) тастыктап (түшкөн). Силер ага эң алгачкы каапырлардан болбогула, Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула!
2:42 Чындыкка жалганды аралаштырбагыла! Билип туруп чындыкты жашырбагыла.
2:43 Намазды (толук) аткаргыла, зекет бергиле жана рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла.
2:44 Адамдарды жакшылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Силер китеп (Тоорот) окуп жүрөсүңөр го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
2:45 Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллахка) кичипейил кишилерге оор эмес.
2:46 Алар «Биз Раббибизге жолугабыз жана Өзүнө кайтып барабыз» деп ишенишет.
2:47 Оо, Исраил урпактары! Силерге берген жакшылыгымды жана (бир мезгилдерде) силерди бардык ааламдан абзел кылганымды эстегиле.
2:48 Эч ким башка бир адамга жардам бере албай турган жана (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч кимден шапаат[1] кабыл кылынбай турган, эч кимден (күнөөсүнөн кутулуу үчүн) акы-төлөм алынбай турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула!