Шамсуддин Хакимов — 68
3:141 Ошондой эле, Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат).
3:142 Же болбосо, силер, Аллах араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?
3:143 Силер (шейит болуп) өлүүнү, ага жолукканга чейин үмүт кылган элеңер го?! Мына эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр!
3:144 Мухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллахка эч бир зыян жеткире албайт! Аллах жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет.[1]
3:145 Эч бир жан Аллахтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз.
3:146 (Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн cахабалары согушушкан. Алар Аллахтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллах (ушундай) сабырдууларды сүйөт.
3:147 (Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон.
3:148 Кийин Аллах аларга (жеңиш жана олжодон турган) дүйнө сообун, ошондой эле, Акырет сообунун эң жакшыларынан берди. Аллах жакшы иш кылуучуларды сүйөт