Шамсуддин Хакимов — 67
3:133 Раббиңердин кечиримине жана такыба кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон бейишке шашылгыла.
3:134 (Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-ихсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.[1]
3:135 (Такыба кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт.
3:136 Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун!
3:137 Силерден мурун да бул жолдор (сыноолор) өткөн. Жер жүзүн кезгиле жана (Аллахтын динин) жалганга чыгаргандардын акыр түбү кандай болгонун көргүлө.
3:138 Бул (окуялар)[1] адамдар үчүн баян, туура жол жана такыба кишилер үчүн эскертүү - насаат.
3:139 (О, момундар, “жеңилип калдык” деп) алсырабагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер жогорусуңар![1]
3:140 Эгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллах (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллах заалымдарды сүйбөйт.