>

Шамсуддин Хакимов — 66

3:122 Ошондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллахтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллахка гана өздөрүн тапшырышсын!

3:123 Аллах силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген.[1] Аллахтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар.

3:124 Ошондо, сен ыймандууларга айттың: “Раббиңер, асмандан түшүрүлгөн үч миң периште менен силерди колдоп коюшу силерге жетиштүү болбойбу?

3:125 Жок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат.

3:126 Аллах бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан гана келет.

3:127 (Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди).[1]

3:128 (О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.[1] (Бардыгы Аллахтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тооболорун кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт.

3:129 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Ал каалаган адамын кечирип, каалаган адамын азаптайт. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

3:130 О, ыймандуулар! Көп-көп кошумчасы бар пайданы (сүткорлуктун акчасын) жебегиле жана Аллахтан корккула, ошондо жеңишке (бейишке) жетээрсиңер.

3:131 Жана каапырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула!

3:132 Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула! (Ошондо) Силерге ырайым кылынса ажеп эмес.