>

Шамсуддин Хакимов — 64

3:109 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана бардык иштер Аллахка кайтарылат.

3:110 (О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар.[1]

3:111 (О, ыймандуулар!) Алар силерге зыян жеткире албайт. Эгер жеткирсе (заар тилдери менен гана) зыян жеткиришет. Эгер силер менен согушуп калса, артына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт.

3:112 Кайда барышса да аларга кордук жазып коюлду. Бир гана Аллахтын жана адамдардын убада-келишиминин астында болгон учурларда гана (кор болбой жашашат). Алар Аллахтын каарына калышты жана аларга бечаралык(та жашоо) жазып коюлду. Бул (жазалар) Аллахтын аяттарына каапыр болгондору, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрү жана күнөөкөр болуп, чектен чыккандары себептүү.

3:113 Алардын баары бирдей (жаман) эмес. Китеп ээлеринин арасында динде туура жүргөн тайпалар да бар. Алар түнү менен сажда кылган абалда Аллахтын аяттарын окушат.

3:114 Аллахка, Акырет күнүнө ыйман келтиришет, жакшы амалдарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарышат жана жакшы иштерге шашылышат. Ошолор ийги кишилерден.

3:115 Жана алар эмне жакшылык кылышса ал иши(нин сообу) жоголбойт. Аллах такыба кишилерди Билүүчү.