Шамсуддин Хакимов — 63
3:101 Силерге Аллахтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллахты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз туура жолго багытталат.
3:102 О, ыйман келтирген адамдар! Аллахтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө.
3:103 Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллахтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын – туура жолго түшөөрсүңөр деп – ушинтип баяндайт.
3:104 Силердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр.[1]
3:105 Өздөрүнө анык баяндар келгенден кийин өз ара каршылашып, бөлүнүп кеткен адамдар (яхудийлер) сыяктуу болбогула. Мына ошол адамдар үчүн чоң азаптар бар.
3:106 Ал (Кыямат) Күндө (кээ бир) жүздөр агарып, (кээ бир) жүздөр карарат. Ошондо, жүзү карарган адамдарга “ыйманга келгенден кийин каапыр болдуңар беле? Эми, каапыр болгонуңардын эсебине азап чеге бергиле!” (деп айтылат).
3:107 Ал эми, жүздөрү агарган адамдар болсо, түбөлүккө Аллахтын ырайымында (бейиште) болушат. Алар анда түбөлүккө калышат.
3:108 (О, Мухаммад!) Булар - Аллахтын аяттары. Биз аларды сага акыйкат менен окуп беребиз. Аллах ааламдарга зулумду каалабайт.