>

Шамсуддин Хакимов — 604

112:1 Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!

112:2 Аллах – Сомад (Беймуктаж)

112:3 Ал туубаган жана да туулбаган!

112:4 Жана эч ким Ага тең эмес!

113:1 Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]

113:2 (Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,

113:3 Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]

113:4 Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,

113:5 Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.[1]

114:1 Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен

114:2 Инсандардын падышасынан;

114:3 инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –

114:4 (Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун[1] жамандыгынан.

114:5 Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.

114:6 Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.[1]