>

Шамсуддин Хакимов — 603

109:1 (Оо, Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар!

109:2 Мен силер ибадат кылган(кудайлар)га ибадат кылбаймын!

109:3 Силер дагы мен сыйынганга (Аллах таалага) сыйынуучу эмессиңер.

109:4 Мен силер ибадат кылган кудайларга сыйынбаймын!

109:5 Силер да мен ибадат кылган(Аллах таала)га ибадат кылуучу эмессиңер.

109:6 (Демек,) силерге өз диниңер, мага өз диним!»

110:1 (Оо, Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе

110:2 жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң...

110:3 Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!

111:1 Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды![1]

111:2 Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок!

111:3 Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат!

111:4 Ал эми, (пайгамбарга каршы доомат -ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда!

111:5 Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип![1]