>

Шамсуддин Хакимов — 602

106:1 Курайштын ынтымагы үчүн![1]

106:2 Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!

106:3 Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын!

106:4 Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады!

107:1 (Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!

107:2 Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!

107:3 Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.[1]

107:4 (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!

107:5 Алар намаздарын унутуп коюшат.[1]

107:6 Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия[1] кылышат.

107:7 Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.

108:1 (Оо, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.[1]

108:2 Сен эми, (ушул жакшылыктарга шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!

108:3 Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген![1]