>

Шамсуддин Хакимов — 601

103:1 Асырга ант![1]

103:2 Албетте, (ар бир) инсан зыянда!

103:3 Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес).

104:1 Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!

104:2 Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.

104:3 Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.

104:4 Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!

104:5 (Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.

104:6 (Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,

104:7 (Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!

104:8 Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.

104:9 (Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).

105:1 (Оо, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби![1]

105:2 (Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби?

105:3 Жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди.[1]

105:4 (Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты.[1]

105:5 (Аллах) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду![1]