Шамсуддин Хакимов — 600
100:6 Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр![1]
100:7 Буга анын өзү деле күбөдүр!
100:8 Ал байлыкты катуу сүйөт!
100:9 Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…
100:10 Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…
100:11 Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?![1]
101:1 Кориьа!
101:2 Кориьа эмне өзү?![1]
101:3 (Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
101:4 Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1]
101:5 Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
101:6 Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
101:7 ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
101:8 Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
101:9 анын энеси – «Хаавия!»
101:10 (Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
101:11 Ал – катуу кызытылган тозок!
102:1 (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду!
102:2 Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин.
102:3 Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!
102:4 Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сот-сурак учурунда) билип аласыңар!
102:5 Андай эмес, Эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер).
102:6 (Эми) тозокту көрүшүңөр анык!
102:7 Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!
102:8 Андан соң, ошол күнү (Аллах аманатка берген) нээматтар жөнүндө албетте сураласыңар!