Шамсуддин Хакимов — 60
3:78 Алардан (яхудилерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул - Аллахтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллахтан эмес. Алар билип туруп Аллахка жалган айтышат.
3:79 Аллах Китеп, өкүм жана пайгамбарлык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллахты таштап, мага пенде болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллахка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат.
3:80 Жана ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!
3:81 Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарлыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди.[1]
3:82 Мына ушундан кийин ким жүз үйрүсө, ошолор гана бузуку адамдар.
3:83 Алар Аллахтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллахка) моюн сунушту го! Алар(дын өздөрү дагы) Аллахка кайтарылат.