>

Шамсуддин Хакимов — 6

2:30 Раббиң периштелерге: «Мен жер бетине биринин артынан бири калуучу (инсанды) жаратамын» дегенде, алар (периштелер) айтышты: «Сен ал жерде кан төгүп, бузукулуктарды жасай тургандарды жаратасыңбы?! Өзүбүз Сени даңазалап, аруулайбыз жана Сени улуулайбыз». Ал (Аллах) айтты: «Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин».

2:31 (Аллах) Адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү дагы, аларды периштелерге көргөзүп, «Эгер чынчыл болсоңор, ушул нерселердин ысымдарын Мага айтып бергиле» - деди.

2:32 (Периштелер) Айтты: «(О, Рабби! Сен Бардык кемчилдиктен) Аруу-Тазасың! Бизде илим жок. Болгону, Өзүң үйрөткөн нерселерди гана билебиз. А, Сен болсо, Билүүчү, Даанышмансың.

2:33 Аллах: «О, Адам, аларга (Мен үйрөткөн) нерселердин ысымдарын айт» деди. (Адам) аларга нерселердин ысымдарын айтып берген соң, (Аллах) айтты: «Силерге «Мен жер жана асмандардагы (силер билбеген) кайыпты билемин жана силер ашкере кылган нерсени да, ичиңерге жашырган нерсени да билемин» деп айтпадым беле!»

2:34 Эстегиле, Биз периштелерге «Адамга сажда кылгыла» дегенде, дароо сажда кылышты. Бир гана Иблис баш тартып, моюн толгоду жана каапырлардан болду.

2:35 Биз айттык: «О, Адам, сен жана жубайың (Обо экөөң) бейиште жашагыла, андагы жаккан мөмөлөрдөн каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакын келе көрбөгүлө. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.

2:36 Шайтан ал экөөнү бейиштен азгырып, мекендеринен чыгарды. Кийин Биз (Адам, Обо жана шайтанга) айттык: «Бири-бириңерге душман болуп (жерге) түшкүлө! Силер үчүн жерде белгилүү убакытка (өмүр бүткөнгө) чейин орун-очок жана (жакшылыктарынан) пайдалануу бар».

2:37 Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллах анын тообосун кабыл алды. Албетте, Аллах тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүү.