>

Шамсуддин Хакимов — 598

96:13 (Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?

96:14 Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!

96:15 Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!

96:16 Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!

96:17 Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!

96:18 Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!

96:19 Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2]

97:1 Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.

97:2 Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?![1]

97:3 Кадыр түнү миң айдан да жакшы.

97:4 (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.

97:5 Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)![1]

98:1 Китеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.[1]

98:2 (Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.

98:3 Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.

98:4 Китеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.[1]

98:5 Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!