Шамсуддин Хакимов — 597
94:3 Ал сенин желкеңди эзип турган.
94:4 Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.[1]
94:5 Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
94:6 Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
94:7 Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
94:8 жана Раббиңе[1] гана умтул!
95:1 Анжирге ант, Зайтунга ант!
95:2 Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!
95:3 Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант![1]
95:4 Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.
95:5 Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.
95:6 Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.
95:7 (Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?
95:8 Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?
96:1 Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1]
96:2 Ал инсанды уюган кандан жаратты.
96:3 Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!
96:4 Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.
96:5 Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.
96:6 Жок! Чынында, инсан чектен ашат
96:7 өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1]
96:8 Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.
96:9 Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
96:10 намаз окуган пендеге?
96:11 Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...
96:12 Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…