Шамсуддин Хакимов — 596
92:10 Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.
92:11 (Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!
92:12 Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.
92:13 Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.
92:14 Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.
92:15 Ал отко шору каткан адам гана кирет.
92:16 Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.
92:17 Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.
92:18 Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.
92:19 Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.[1]
92:20 (Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).
92:21 Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.
93:1 Шашке маалына ант!
93:2 Тынч – караңгы түнгө ант!
93:3 (Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.
93:4 Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.
93:5 Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.
93:6 Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?[1]
93:7 Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап,[1] андан кийин Туура Жол көргөздү го!
93:8 Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.
93:9 Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.
93:10 Жана сураган адамга орой мамиле кылба.[1]
93:11 Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.[1]
94:1 (Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?[1]
94:2 Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.