Шамсуддин Хакимов — 595
90:19 Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1]
90:20 Аларды ар жактан от каптап алган.
91:1 Күн жана анын жарыгына ант!
91:2 Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
91:3 Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!
91:4 Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
91:5 Асманга жана аны (бекем) курганга[1] ант!
91:6 Жерге жана аны жайганга ант!
91:7 Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант![1]
91:8 Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.
91:9 Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.
91:10 Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.[1]
91:11 Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
91:12 Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.
91:13 Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.
91:14 Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды![1]
91:15 Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.
92:1 (Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!
92:2 (Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!
92:3 Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!
92:4 Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.
92:5 Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса
92:6 жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –
92:7 Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.
92:8 Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...
92:9 Жана ыйманды жалган десе...