>

Шамсуддин Хакимов — 594

89:23 Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!

89:24 (Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1]

89:25 Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.

89:26 Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1]

89:27 Оо, тынч – бейпил жан!

89:28 (Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.

89:29 Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.

89:30 жана Менин бейишиме киргин!

90:1 Ушул шаарга ант!

90:2 Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.

90:3 (Адам)-Атага жана урпактарга ант!

90:4 Биз инсанды машакатка жараттык.[1]

90:5 (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?

90:6 Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.

90:7 Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?

90:8 Биз ага эки көз бербедикпи?

90:9 Тил жана эки эрин бербедикпи?!

90:10 Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1]

90:11 Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.

90:12 (Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.

90:13 (Оор жол – бул) кул азат кылуу

90:14 же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –

90:15 тууганчылыгы бар жетимге.

90:16 Же чаңга буланган кедейге

90:17 Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,

90:18 Ошолор гана оң тарап ээлери!