>

Шамсуддин Хакимов — 593

88:23 Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,

88:24 аны Аллах чоң азапка салат!

88:25 Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.

88:26 Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!

89:1 Таңга ант!

89:2 Он түнгө ант!

89:3 Жуп менен такка ант!

89:4 Жана өтүп жаткан түнгө ант![1]

89:5 Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!

89:6 Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!

89:7 Түркүктүү Ирамды[1] (эмне кылганынчы?)

89:8 Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.[1]

89:9 Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)

89:10 Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)

89:11 Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.

89:12 жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.

89:13 Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.

89:14 Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.

89:15 Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.

89:16 Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.

89:17 Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!

89:18 Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!

89:19 Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!

89:20 Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!

89:21 Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде

89:22 жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,