Шамсуддин Хакимов — 592
87:11 Шордуу адам болсо андан качат.
87:12 Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
87:13 Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
87:14 Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
87:15 Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
87:16 Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
87:17 Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
87:18 Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.
87:19 Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.
88:1 (Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?[1]
88:2 Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).
88:3 (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...
88:4 кызыган отко кирет!
88:5 (Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
88:6 Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок![1]
88:7 (Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
88:8 Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак!
88:9 (Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы!
88:10 Жогорку бейиште!
88:11 Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
88:12 Анда агып тураган булактар,
88:13 бийик сөрүлөр,
88:14 (ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
88:15 сап-сап тизилген жаздыктар
88:16 жана төшөлгөн килемдер бар!
88:17 Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?!
88:18 Асмандын кандай көтөрүп коюлганына...,
88:19 Тоолордун кандай сайып коюлганына...,[1]
88:20 Жана жердин кандай жайып коюлганына?[1]
88:21 (Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң![1]
88:22 Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!