>

Шамсуддин Хакимов — 591

86:1 Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.

86:2 (Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.

86:3 Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.

86:4 Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.

86:5 Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!

86:6 Атырылган (бел) суудан жаратылган.

86:7 (Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.

86:8 Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!

86:9 Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.

86:10 (Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1]

86:11 Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!

86:12 Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:

86:13 Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!

86:14 Азил-тамаша (сөз) эмес!

86:15 Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.

86:16 Мен дагы амалкерлик кыламын.

86:17 Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1]

87:1 Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!

87:2 Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.

87:3 Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.

87:4 Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,

87:5 андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.

87:6 (Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.

87:7 Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.

87:8 Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1]

87:9 Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.

87:10 (Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.