Шамсуддин Хакимов — 590
84:25 А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!
85:1 Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип,
85:2 Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип.
85:3 (Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын):
85:4 Чуңкур ээлерине – өлүм болсун![1]
85:5 (Ал чуңкур) отундуу жалын!
85:6 Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!
85:7 Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!
85:8 (Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты![1]
85:9 Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!
85:10 Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!
85:11 Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул – чоң жеңиш!
85:12 Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу!
85:13 Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат.
85:14 Ал – Кечиримдуу, (жана) Вадууд![1]
85:15 (Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук!
85:16 Каалаганын жасоочу!
85:17 (Оо, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин,
85:18 Фараондун жана Самуд коомунун кабары келди беле?
85:19 Жок, каапырлар (дагы эле, Куранды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө.
85:20 Аллах болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат.
85:21 Аныгында ал - Улуу Куран! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал:)
85:22 Лавхул- Махфузда!