Шамсуддин Хакимов — 589
83:34 Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.
83:35 Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
83:36 Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!
84:1 Күтүүсүздөн асман жарылды!
84:2 Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!
84:3 Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,
84:4 ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!
84:5 Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу![1]
84:6 О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.[1]
84:7 Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,
84:8 өтө жеңил суралат.
84:9 жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.
84:10 Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,
84:11 (өзүнө) өлүм чакырат.
84:12 Жана тозокко ташталат!
84:13 Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.
84:14 Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.
84:15 Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!
84:16 Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,
84:17 түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...
84:18 Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):
84:19 (Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер![1]
84:20 Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!
84:21 Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?![1]
84:22 Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!
84:23 Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.
84:24 (Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!