Шамсуддин Хакимов — 588
83:5 Улуу Күн – Кыяматта!
83:6 Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!
83:7 Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!
83:8 (Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1]
83:9 Ал – жазылган китеп.
83:10 Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!
83:11 Алар сурак күндү жалган дегендер.
83:12 Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.
83:13 А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.
83:14 Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1]
83:15 Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1]
83:16 Андан соң, алар тозокко ташталышат.
83:17 Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.
83:18 Чынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда».
83:19 (Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1]
83:20 Ал – жазылган китеп.
83:21 Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.
83:22 Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.
83:23 Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
83:24 Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.
83:25 Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.
83:26 Ал шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!
83:27 Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».
83:28 (Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.
83:29 Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.
83:30 (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.
83:31 Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.
83:32 Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.
83:33 Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!