>

Шамсуддин Хакимов — 587

82:1 Асман жарылып,

82:2 Жылдыздар төгүлүп,

82:3 деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...

82:4 Жана мүрзөлөр оодарылганда...

82:5 (Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.[1]

82:6 Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!

82:7 Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!

82:8 Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!

82:9 Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!

82:10 Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!

82:11 (Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!

82:12 Силердин бардык ишиңерди билип турушат.

82:13 Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.[1]

82:14 Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!

82:15 Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!

82:16 Анан андан чыга алышпайт!

82:17 (Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?

82:18 Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?[1]

82:19 Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!

83:1 Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!

83:2 Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,

83:3 Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.

83:4 Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?