Шамсуддин Хакимов — 586
80:41 караңгылык ороп алат!
80:42 Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1]
81:1 Күн оролуп (нуру жоголуп),
81:2 жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
81:3 Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
81:4 курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1]
81:5 жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1]
81:6 деңиздер жанып – от болуп,
81:7 жандар бири-бирине коштолуп…[1]
81:8 Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
81:9 Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1]
81:10 Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
81:11 асман сыйрылып алынганда...
81:12 Тозок (катуу) кызытылып,
81:13 Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
81:14 (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
81:15 Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,
81:16 (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,
81:17 (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,
81:18 агарган таңга ант ичип (айтамын):
81:19 Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1]
81:20 Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.
81:21 Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.
81:22 (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.
81:23 Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.
81:24 Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1]
81:25 Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2]
81:26 Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!
81:27 Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!
81:28 Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)
81:29 Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!