Шамсуддин Хакимов — 585
80:1 (Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1]
80:2 алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.
80:3 (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!
80:4 Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!
80:5 Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
80:6 сен ошо(лор)го бурулуп алдың!
80:7 (Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.
80:8 Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…
80:9 (Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.
80:10 Сен андан алагды болуп калдың!
80:11 Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.
80:12 Ким кааласа – аны эскерет.[1]
80:13 (Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,
80:14 (Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.
80:15 (Жана) периштелердин колунда.
80:16 (Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
80:17 Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!
80:18 Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!
80:19 Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.
80:20 Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди.
80:21 Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.
80:22 Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.
80:23 Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!
80:24 Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1]
80:25 Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!
80:26 Андан соң жерди жарып,
80:27 (ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:
80:28 жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,
80:29 зайтундарды, курмаларды,
80:30 коюу бактарды,
80:31 мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.
80:32 Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.
80:33 Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,
80:34 Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.
80:35 Апасы менен атасынан дагы.
80:36 Аялы менен балдарынан дагы!
80:37 (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!
80:38 Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,
80:39 күлүп-жайнап, кубанычтуу!
80:40 (ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,