>

Шамсуддин Хакимов — 584

79:17 «Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».

79:18 Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону

79:19 жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»

79:20 (Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.

79:21 Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты.

79:22 Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды.

79:23 жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен:

79:24 «Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди.

79:25 Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады.

79:26 Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар.

79:27 (Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты!

79:28 Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды.

79:29 Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды.

79:30 Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду.

79:31 Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды.

79:32 Тоолорду (бекем) орнотту.

79:33 Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп.

79:34 Качан чоң Кыямат келсе,

79:35 Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш-аракеттерин эстейт.

79:36 Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт.

79:37 Кимде-ким чектен чыккан болсо

79:38 жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо,

79:39 анын орду албетте, тозокто!

79:40 Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса,

79:41 анын орду албетте, бейиште!

79:42 (Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат.

79:43 Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың?!

79:44 Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү.

79:45 Сен болгону андан (кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң.

79:46 Алар (кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат.