Шамсуддин Хакимов — 583
78:31 Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),
78:32 бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
78:33 жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
78:34 жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.
78:35 Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.
78:36 (Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
78:37 (Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
78:38 Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
78:39 Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
78:40 Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.
79:1 (Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип,
79:2 (ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип,
79:3 (Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип,
79:4 (Аллахтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип,
79:5 (Аллах табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын):
79:6 Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт.
79:7 Анын артынан кийинки Сур тартылат.
79:8 Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп,
79:9 Көздөрү жалдырап калат.
79:10 (Каапырларга кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы,
79:11 чириген сөөк болуп калсак деле?!»
79:12 (Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»
79:13 Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу.
79:14 Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат!
79:15 Сага Мусанын кабары келди беле?
79:16 Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү: