Шамсуддин Хакимов — 582
78:1 Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?[1]
78:2 Улук Кабар жөнүндө.
78:3 Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]
78:4 Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!
78:5 Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.
78:6 Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!
78:7 Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)
78:8 Жана Биз силерди жуп-түгөй[1] кылып жараттык.
78:9 Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.
78:10 Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.
78:11 Күндүздү жашоо үчүн жараттык.
78:12 Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,
78:13 ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.
78:14 Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,
78:15 чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.
78:16 Жана да калың бак-бостондорду.
78:17 Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.
78:18 Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.
78:19 (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.
78:20 Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!
78:21 Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
78:22 чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
78:23 Алар анда кылымдар бою турушат.
78:24 Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
78:25 Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
78:26 (Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!
78:27 Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
78:28 Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
78:29 Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
78:30 Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!