>

Шамсуддин Хакимов — 581

77:20 (Оо, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди алсыз (бечел, бел) суудан жаратпадык беле?!

77:21 Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштурдук,

77:22 Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин.

77:23 Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз!

77:24 Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм!

77:25 Биз жерди кучактоочу кылбадык беле,

77:26 өлүктөр менен тирүүлөрдү?[1]

77:27 Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык.[1]

77:28 Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм!

77:29 (Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген тозокко жөнөгүлө!

77:30 Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»[1] жөнөгүлө!»

77:31 (Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт!

77:32 Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат!

77:33 Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт.

77:34 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

77:35 Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт.

77:36 Алар үчүн актанууга да уруксат жок!

77:37 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

77:38 Бул – ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук.

77:39 Эгер (оо, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө!

77:40 Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

77:41 Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда,

77:42 Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде…

77:43 (Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»

77:44 Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз!

77:45 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо!

77:46 (Оо, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар!

77:47 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

77:48 Эгер аларга (Аллахка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт![1]

77:49 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

77:50 Андан (Курандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет?![1]