Шамсуддин Хакимов — 580
76:26 Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!
76:27 Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.
76:28 Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон[1] (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз![2]
76:29 Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.
76:30 (Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!
76:31 Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!
77:1 Ант ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;
77:2 Өтө катуу жүргөн шамалдар менен;
77:3 (Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;
77:4 (Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;
77:5 (Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;
77:6 (Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.
77:7 (Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн[1] албетте болуучу!
77:8 Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,
77:9 Асман (аңырайып) ачылып,
77:10 Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…
77:11 Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).
77:12 (Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?
77:13 Ажыратуу күнүнө![1]
77:14 (Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.[1]
77:15 Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап![1]
77:16 Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?![1]
77:17 Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!
77:18 Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.
77:19 Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!