Шамсуддин Хакимов — 58
3:62 Албетте, бул (Исанын Кудай эмес экени) акыйкат баян. Чынында, бир Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу Кудай жок. Жана Аллахтын бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман.
3:63 Эгер (бул акыйкаттан) жүз үйрүшсө, Аллах албетте, бузукуларды Билүүчү.
3:64 Айткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.[1] (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”.
3:65 О, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “Ал - яхуди дининде болгон” десеңер, экинчиңер: “Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
3:66 О, силер! Билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө талашып жатасыңар?! (Ибрахимдин дини кандай болгонун) Аллах гана билет, силер билбейсиңер.
3:67 Ибрахим яхуди да, христиан да болгон эмес. А бирок, ханиф (жеке Аллах таалага сыйынуучу жана) муслим (жалгыз Аллахка моюн сунуучу) болгон. Жана ал эч качан мушриктерден (Аллахка шерик кошуучулардан) болбогон.
3:68 Ибрахимге эң жакын адамдар – ага ээрчигендер, мына бул пайгамбар (Мухаммад) жана (жалгыз Аллахка) ыйман келтиргендер. Аллах ыймандуу адамдардын башчысы.
3:69 Китеп ээлеринен бир тайпасы силерди жолдон азгырууну эңсешет. Бирок, өздөрүн азгырып жатканын билбей калышат.
3:70 О, китеп ээлери! Эмне үчүн силер көрүп, билип туруп Аллахтын аяттарына каапыр болуп жатасыңар?!