>

Шамсуддин Хакимов — 579

76:6 (“Каафуур”) булагы...Аны Аллахтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.[1]

76:7 Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин[1] аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан.

76:8 Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип[1] (мындай дешкен):

76:9 «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.

76:10 Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз».

76:11 Анан Аллах аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди.

76:12 Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады.[1]

76:13 Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт.[1]

76:14 Аларга бейиш (бактарынын) көлөкөcү тийип, мөмөлөрү ийилип турат.

76:15 Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат.

76:16 Күмүш чөйчөктөр… Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат.

76:17 Ал жерде (ыймандууларга) занжабил[1] аралаштырылган шарап,

76:18 (жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет).

76:19 Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң.

76:20 Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң.[1]

76:21 Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…

76:22 (Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер[1] ченемсиз нээматтар менен төлөндү!

76:23 Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды[1] бөлүп-бөлүп түшүрдүк.

76:24 Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын[1] жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!

76:25 Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн![1]