>

Шамсуддин Хакимов — 578

75:20 Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

75:21 жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.[1]

75:22 Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

75:23 Раббисине (үмүт менен) карап турат.

75:24 Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

75:25 өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

75:26 Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

75:27 «Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

75:28 (Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

75:29 Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

75:30 Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор![1]

75:31 Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

75:32 Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.

75:33 Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.

75:34 Өлүм болсун сага өлүм!

75:35 Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

75:36 (Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?![1]

75:37 Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

75:38 Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

75:39 Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

75:40 Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!

76:1 Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.

76:2 Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.

76:3 (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).

76:4 Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.

76:5 Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур»[1] аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.