Шамсуддин Хакимов — 577
74:48 Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]
74:49 Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?
74:50 Жапайы эшектерге окшоп,
74:51 арстандан үркүп качкан?
74:52 Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]
74:53 Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!
74:54 Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!
74:55 Ким кааласа андан сабак алат.
74:56 Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!
75:1 Мен Кыямат күнүнө ант ичип,
75:2 Жемелөөчү напси[1] менен ант ичип, (айтамын:)
75:3 “Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”
75:4 Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз![1]
75:5 Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,
75:6 (Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!
75:7 Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.
75:8 Айдын нуру өчөт
75:9 жана Күн менен Ай бириктирилет.[1]
75:10 Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!
75:11 Жок! Качып бара турган орун жок!
75:12 Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.
75:13 Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.
75:14 Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.[1]
75:15 Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).[1]
75:16 (Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе![1]
75:17 Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.
75:18 Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.
75:19 Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.