Шамсуддин Хакимов — 574
73:1 Оо, оронуп жаткан киши!
73:2 Түндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.
73:3 Түн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).
73:4 Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку![1]
73:5 Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.
73:6 Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Куран окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак.
73:7 Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар.
73:8 (Куран окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахим” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл!
73:9 (Аллах) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (Оо, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал![1]
73:10 (Оо, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур.
73:11 (Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер.[1]
73:12 Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар!
73:13 Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар!
73:14 Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат!
73:15 (Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат.
73:16 Фараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук.
73:17 Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар?![1]
73:18 Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллахтын) убадасы аткарылат!
73:19 Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.[1]