Шамсуддин Хакимов — 573
72:14 Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр.
72:15 Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор!
72:16 Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз,
72:17 аларды сынаш үчүн.[1] Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Курандан) жүз бурса, (Аллах) аны оор азапка жолуктурат.
72:18 (Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла![1]
72:19 Аллахтын пендеси (Мухаммад Куран окуу менен) Аллахка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды.
72:20 Айт (оо, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.
72:21 Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.[1]
72:22 (Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.[1]
72:23 (Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат![1]
72:24 Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.[1]
72:25 Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.
72:26 Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!
72:27 Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.[1]
72:28 (Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.