Шамсуддин Хакимов — 572
72:1 Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран[1] уктук.
72:2 Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!
72:3 Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес![1]
72:4 Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.
72:5 Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.
72:6 Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.[1]
72:7 Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.
72:8 Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.[1]
72:9 Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.
72:10 Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.[1]
72:11 Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]
72:12 Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.[1]
72:13 Биз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.[1]