Шамсуддин Хакимов — 571
71:11 Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет.
71:12 Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет.[1]
71:13 Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсыңар?[1]
71:14 Ал силерди доор - доор менен жаратты го![1]
71:15 Аллах (таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы?!
71:16 Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон.
71:17 Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган.[1]
71:18 Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат.[1]
71:19 Аллах силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды.
71:20 Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн.
71:21 Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти.[1]
71:22 Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты.
71:23 Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Суваны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти.[1]
71:24 Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (оо, Аллахым!) залымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө!
71:25 Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллахтан башка жардамчы таппай калышты![1]
71:26 Нух айтты: “Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлардын эч бирин калтырбагын!
71:27 Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат!
71:28 Оо, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Залымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө!